Tuulgan zherim

Tuulgan zherim

ByPerisat Abdalieva

Usually printed in 3 - 5 business days
ПЕРИСАТ АБДАЛИЕВА ТУУЛГАН ЖЕРИМ «Туулган жерим» — бул кыргыз элинин мекенге болгон сүйүүсүн, улуттук баалуулуктарын, тарыхый мурастарын жана ажайып жаратылышын дүйнө окурмандарына таанытууну максат кылган өзгөчө адабий-маданий жыйнак. Жыйнактын өзөгүн акын, педагог жана котормочу Абдалиева Перисат Кошоевнанын мекенге болгон чексиз сүйүүсүн, туулган жердин кайталангыс сулуулугун жана ыйыктыгын даңазалаган «Туулган жерим» аттуу ыры түзөт. Бул чыгарма аркылуу автор ата-журттун табияты, тарыхы жана руханий дүйнөсүн көркөм сөз менен чагылдырган. Ырдын көркөм баалуулугу дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү белгилүү акындар менен котормочулардын көңүлүн буруп, натыйжада чыгарма көптөгөн тилдерге которулуп, эл аралык адабий мейкиндикте кеңири таанылды. Бул жыйнак ошол чыгармачылык кызматташуунун жана руханий байланыштын жемиши болуп эсептелет. Жыйнакта Кыргызстандын тарыхый жана маданий мурастары, кооз жаратылышы, ыйык жайлары жана улуттук руханий дүйнөсү кеңири чагылдырылган. Ысык-Көл, Сулайман-Тоо, Таш-Рабат, Бурана мунарасы, Жети-Өгүз, Арстанбап, Айгүл гүлү жана башка табигый кереметтер сүрөттөр аркылуу берилген. Бул жыйнак окурманга мекенди сүйүү сезимин күчөтүп, Кыргызстандын бай тарыхын, табиятын жана маданиятын терең таанып-билүүгө өбөлгө түзөт. «Туулган жерим» ыры дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүндөгү 26 белгилүү акын жана котормочу тарабынан 24 дүйнө тилине которулган. «Туулган жерим» ыры дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүндөгү белгилүү акындар жана котормочулар тарабынан көптөгөн тилдерге которулган. Атап айтканда, Наргиса Карасартова, Марс Мусакунов жана Михаил Георгиевич — орус тилине; Сажидин Саидгасанов — лезгин тилине; Май Ван Фан жана Хонг Нгок Чау — вьетнам тилине; James Tian (Дэн Чжань) — кытай тилине; Радмила Милоевич — серб тилине; Жаҳонгир Фозилов жана Зухро Шарипова (Захро Шамсия) — өзбек тилине; Айнур Кумарханова (Шахризат) — казак тилине; Тамара Швец — украин тилине; Марьета Шатро-Ррапай — англис, француз жана испан тилдерине; Базаргүл Зиварова — каракалпак тилине; Нина Степанова — латыш тилине; Мария Мучинская — беларусь тилине; Вожидхон Абдурахмонов — тажик тилине; Чынаркүл Султантороева — немис тилине; Майд Чорбич — босния жана хорват тилдерине; Марко Бруни — италия тилине; Ифигения Метохи — грек тилине; Лейди Диас Эвия — испан тилине; Ахмет Курт — түрк тилине; Джон Каражоли — араб тилине; Судхакар Гайдхани — маратхи тилине; Гордана Сарич — черногория тилине которушкан. [CODE-ART]

Details

Publication Date
Jul 1, 2026
Language
Kirghiz
ISBN
9781291626520
Category
Poetry
Copyright
All Rights Reserved - Standard Copyright License
Contributors
By (author): Perisat Abdalieva

Specifications

Pages
146
Binding Type
Paperback Perfect Bound
Interior Color
Color
Dimensions
US Trade (6 x 9 in / 152 x 229 mm)

Ratings & Reviews